Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

17 июль 2019

Юстиция министрлигинде адвокаттарды "Кыргыз Республикасынын Адвокатура күнү" кесиптик майрамы менен куттукташты"

one

2019-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде Кыргыз Республикасынын  Адвокатура  күнүнө карата салатанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарада юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов, КРнын Адвокаттар Кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов, эл аралык  уюмдардын өкүлдөрү жана республиканын региондорунан да келген адвокаттар катышышты.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Марат Канулькулов жарандардын  эркиндиктерин жана укуктарын коргоону камсыз кылууда, ошондой эле өлкөдө мыйзамдуулукту чыңдоодо адвокатура институтунун маанилүлүгүн белгиледи. “Мамлекет адвокатурага өзүн-өзү башкарган уюм катары өнүгүшүнө жетиштүү көңүл бурууда.  “Мамлекет  кепилденген  юридикалык  жардам жөнүндө” Мыйзамды  ишке ашыруунун  алкагында  Өкмөттүн чечими менен жазык иштер боюнча адвокаттарга акы төлөөнүн тарифтери жогорулады, ошондой эле жарандык жана административдик иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттарга акы төлөөнүн тарифтери бекитилди. Ошону менен биргеликте, Министрликтин дарегине адвокаттардын ишине тиешелүү нааразылычыктар келип түшүүдө. Андыктан, адвокаттар кесиптик этиканы сактап, юридикалык жардамдарды берүү сапатын жакшыртууга күч-аракеттерин жумшоо керек деп эсептейм. Ал эми Юстиция министрлигиги өлкөдо сот-укуктук реформаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы менен  активдүү кызматташууну уланта берет”, - деди министрдин орун басары.


Иш-чаранын жүрүшүндө юстиция органдары менен активдүү кызматташкандыгы үчүн  айрым адвокаттар Юстиция министрлигинин Ардак грамоталары  менен  сыйланышты.

Ошондой эле, бир катар адвокаттар КРнын Адвокатура Кеңешинин дипломдору жана сыйлыктары менен сыйланышты, ал эми аймактык адвокатураларга кеңсе техникалары тапшырылды.