Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

20 июль 2019

Юстиция министри Марат Джаманкулов «Юридикалык клиникалардын Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумундагы ролу» темасындагы конференцияга катышты

one

Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясы үстүбүздөгү жылдын 19-июлунда «Юридикалык клиникалардын Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумундагы ролу» темасындагы конференция өткөрдү.

Иш-чарага КРнын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Мирлан Бакиров, министрликтердин жана ведомстволордун, КРнын Адвокаттар кеңешинин, Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясынын (ассоциация), ЖОЖдордун юридикалык клиникаларынын, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты. 

Жыйынтыктоочу конференцияда Ассоциациянын өкүлдөрү “Калктын аялуу катмарлары үчүн акысыз юридикалык жардам берүүнү кеңейтүү максатында Юридикалык клиникалардын КРнын Юстиция министрлиги алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору (МКЮЖ КБ), КРнын   Адвокаттар кеңеши жана тармактык ЖОЖдор менен өз ара аракеттешүүсүн күчөтүү” аттуу долбоорду ишке ашыруудагы  жыйынтыктары, жетишкен ийгиликтери жана алган сабактары менен бөлүштү.  

Белгилеп кетсек, калктын укуктук жардам алуу мүмкүндүгүн кеңейтүү максатында 2019-жылдын март айында МКЮЖ КБ, Ассоциация жана Адвокаттар кеңеши кызматташуу туралуу макулдашуу түзүшкөн. Апрель айында өлкөнүн баардык региондорунда жайгашкан юридикалык окуу жайлардын 45 студенти Укук үстөмдүүлүгү мектебинин алкагында бир катар окутууларга (тренингдерге) катышты. Окутуу учурунда студенттер юридикалык жардам берүү боюнча билим алышып, андан кийин аймактык   юстиция органдарындагы акысыз юридикалык жардам берүү борборлорунда такшалуудан өтүштү. 

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов долбоордун бардык катышуучуларына калктын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга жетүүсүн камсыздоо боюнча биргелешкен иши үчүн ыраазычылык билдирди. “Бул өткөрүлгөн практика студент-юристтерге пайдасын тийгизип, алар келечекте Юстиция министрлигинин жана Акысыз юридикалык жардам берүү боюнча борборлордун кызматкерлеринин катарын толуктап, “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамынын ченемдерин натыйжалуу ишке ашырууга көмөктөшөт деп үмүттөнөм”, - деп баса белгиледи министр. 


Конференциянын алкагында жаш юристтер АЮЖБда стажировкадан өтүү жөнүндө таасирлери менен бөлүшүп, Юрист-клиницист кодекси кабыл алынды, ошондой эле Кыргызстандын Юридикалык клиникалары ассоциациясы менен Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулар курамы департаментинин ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Долбоордун мыкты студенттери менен эксперттери сертификаттар жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты. Конференциянын катышуучулары юридикалык клиникалар мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун толук кандуу субъекти болуу менен мамлекеттин калктын аялуу катмарына юридикалык жардам берүү боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет деген жыйынтыкка келишти.


Бул иш-чара USAID уюмунун биргелешип башкаруу боюнча программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.


басма сөз кызматы 

Кыргыз Республикасынын

юстиция Министрлиги 

www.minjust.gov.kg

press@minjust.gov.kg 

тел: 65-98-89