Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

02 сентябрь 2019

Нарын облусунун Ат-Башы айылында, калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борбор ачылды

one

2019-жылдын 27-августунда, Нарын облусунун Ат-Башы айылында, калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча, борбордун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чаранын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча Борбордун директору А.Калбеков, Нарын облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы Г.Абдуллаева, Ыссык-Көл, Нарын облустарынын  МКЮЖ КБнын региондор аралык бөлүмүнүн башчысы Р.Абушинов, МКЮЖнун адвокаттары, "Кыргыз Республикасынын Укук үстөмдүгү" программасынын өкүлдөрү, (2-фаза) Ат-Башы районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары жана кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү калк.

Өз сөзүндө А.Калбеков Ат-Башы районунун калкына акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча жарандарга ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгүн белгиледи, ар түрдүү маселелер боюнча укуктарды, эркиндиктерди жана мыйзамдуу кызыкчылыктарды ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча, ошондой эле КРнын Юстиция министрлигинин бул багытта жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымдады. Борборлордо жарандар мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумуна кирген юрист, мамлекеттик нотариус же адвокаттардын консультациясын ала алышат.

Өз кезегинде Ат-Башы районунун жергиликтүү калкы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү бул билдирүү кубануу менен кабыл алышты жана Юстиция министрлигинин дарегине борбордун ачылышы жана калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам алуу үчүн программалары тууралуу ыраазычылык билдиришти.

Ат-Башы районунун калкына, акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борбору, Ат-Башы районунун мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин имаратында ачылган. Азыркы учурда бүткүл Кыргызстан боюнча акысыз юридикалык жардамдын 25 борбору иштейт. Жыл сайын акысыз юридикалык жардам үчүн кайрылган жарандардын саны көбөйүүдө.

Белгилеп кетүүчү нерсе, бул борбор "Кыргыз Республикасындагы Укуктун үстөмдүгү-2-фаза" программасынын финансылык колдоосу менен ачылган. Шайкеш Европа Союзун каржылаган  жана Экономикалык кызматташуу боюнча федералдык министрлиги жана Германиянын өнүгүүсү (BMZ), "Борбор Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү" аттуу Регионалдык программанын компоненти болуп саналган.