Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

26 сентябрь 2019

МКЮЖнын адвокаттары жана кызматкерлери үчүн административдик мыйзамдардын новеллалары боюнча тренинг өткөрүлүүдө

one

2019-жылдын 20-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Административдик мыйзамдарынын новеллалары боюнча окутуу тренинги башталды.

Соттук-укуктук реформанын алкагында 2019-жылдын январынан баштап Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору (МКЮЖ КБ) жызык иштер менен бирге, жарандык жана административдик иштер боюнча да квалификациялуу юридикалык жардамды бере баштады.

Ушуга байланыштуу борбор тарабынан МКЮЖ системасынын адвокаттары жана кызматкерлери үчүн бир катар тренингдер демилгеленген.

Окутуу тренингдин катышуучуларынын квалификациясын жогорулатат, практикалык көндүмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк түзөт жана административдик ченемдик укуктук актыларында туура багыт табууга жардам берет.

Окутуунун тренерлери: Иманалиев Э.К. – Укук институтунун директору,Алыбаев А.А. - Бишкек шаардык сотунун төрагасы,Рыбалкина А.Д. – Бишкек шаардык сотунун судьясы.

Ошондой эле, бекитилген графиктин алкагында региондук адвокаттар үчүн  тренинг өткөрүү пландаштырылган: 26-27 сентябрда Чүй облусунда,Талас облусунда 27-сентябрда, 30-сентябрдан 2-октябрга чейин Ош облусунда,Баткен - 2-октябрда, Жалал-Абад облусунда 3-4-октябрда жана Ысык-Көл облусунда - 17-18-октябрда.

Окутуу Европа Биримдигинин "Укуктун үстөмдүгү (2-Фаза)" Программасынын колдоосу менен уюштурулууда.