Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

28 октябрь 2019

Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү акысыз юридикалык жардам көрсөтүү маселелерин талкуулашты

one

Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү акысыз юридикалык жардам көрсөтүү маселелерин талкуулашты 


2019-жылдын 22-25-октябрларында, Чуй областында КРнын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун (БК МКЮЖ), КРнын коммерциялык эмес уюмдарынын, ЖОЖдордун юридикалык клиникаларынын жана башка уюмдар жана инсандар ортосундагы Макулдашуунун алкагында “Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес акысыз юридикалык жардам системасы: өз ара аракеттенүүсү жана өнүгүүнүн негизги багыттары" аттуу темадагы семинар болуп өттү.


Семинардын жүрүшүндө Макулдашуунун катышуучуларынын бирдиктүү базасын түзүү, ыкчам жана сапаттуу юридикалык жардам көрсөтүү максатында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн биргелешкен механизмдери иштелип чыгарылды. Бул, укуктук жардам алган адамдарды өз компетенциясынын чегинде иш алып баруу үчүн МКЮЖдун субъектилеринин ортосунда ыкчам кайра багыттоого жана өз убагында маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк берет. 


Ошондой эле, семинардын катышуучулары жер, мурастык жана үй-бүлөлүк укук маселелери, мигранттардын укуктарын коргоо механизмдери жана калктын аялуу катмарын социалдык коргоо маселелери боюнча маалымат алышты.


Семинарга мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү, МКЮЖ боюнча координациялык кеңештин жана МКЮЖ жөнүндө мыйзам долбоору боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү, юридикалык клиникалардын өкүлдөрү, райондук жана облустук соттордун судьялары катышышты.


Маалымдама: 

БК МКЮЖ мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүүнүн иш-аракетин координациялайт, тактап айтканда, консультациялык жана квалификациялык юридикалык жардамды жеке жана юридикалык жактарга акысыз укуктук маалымат, укуктук консультация түрүндө көрсөтөт. Ошондой эле, жеке жактардын өкүлү катары алардын кызыкчылыктарын соттордо жана жана жазык куугунтуктоо органдарында коргойт.

Аны менен бирге, МКЮЖдун башкы милдеттеринин бири калктын укуктук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.