Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

19 ноябрь 2019

Биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча 18-ноябрда, 771 жаранга консультациялар жана 6 жаранга квалификацияланган жардам берилген.

one


Кыргызстандын калкына акысыз консультациялык-укуктук жардам декадасы жүрүп жатат


2019-жылдын 18-ноябрынан баштап Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан уюштурулган жана КР Юстиция министрлигинин алдындагы МКЮЖ тарабынан ишке ашырылып жаткан, республика боюнча калкка бекер юридикалык жардам кѳрсѳтүү декадасы өтүүдө.

Биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча 18-ноябрда, 771 жаранга консультациялар жана 6 жаранга квалификацияланган жардам берилген.

Региондор боюнча маалыматтар:

Ош облусунун юстиция башкармалыгы – 136

Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгы – 57

Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгы – 236

Нарын облусунун юстиция башкармалыгы · 120

Баткен облусунун юстиция башкармалыгы – 64

Талас облусунун юстиция башкармалыгы –132

Бишкек шаары – 35.


Жарандар көбүнчө майыптуулукту, пенсияларды, салыктарды тариздөө жана жеке ишкерди каттоо маселелери боюнча кайрылышты. Республиканын облустарындагы тургундарды мурас, жер талаш-тартыш, никени бузуу, моралдык жана материалдык зыяндын жана камкордуктун ордун толтуруу маселелери кызыктырды.

Декаданын программасын жана акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорунун даректери КР Юстиция Министрлигинин http://minjust.gov.kg/ сайтында жана МКЮЖдун http://ukuk-jardam.gov.kg/ сайтында жеткиликтүү.

Декаданын негизги максаты – калктын аялуу топторунун укуктук корголушунун деңгээлин жогорулатуу, юридикалык жардам көрсөтүү, укуктук агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыздоо, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү. Укуктук жардам юридикалык маселелер боюнча оозеки консультация берүү жолу менен көрсөтүлөт.