Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

25 ноябрь 2019

МКЮЖ КБнын координаторлору жана МКЮЖдун адвокаттары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) Аппаратынын өкүлдөрү менен бирге кармалган жана соттолгон адамдарга консультация беришти

one

2019-жылдын 14-15-ноябрларында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациалоо борборунун (МКЮЖ КБ) координаторлору Кыргыз Республикасынын Айткатчысынын (Омбудсмен) аппаратынын өкүлдөрү менен биргеликте Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу изоляторуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын №2 мекемесине барып келишти.

МКЮЖ КБнын координаторлору жана МКЮЖнын адвокаттары УКЖ жана ЖАМКнын №2 мекемесиндеги кармалган адамдарга укуктук маселелер боюнча консультация беришип жана "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамдын ченемдери жөнүндө маалымдашты. 

     Бишкек шаарынын ИИББнын УКИсинде консультациялык-укуктук жардам 16 адамга берилди.

ЖАМК №2 мекемесинде консультация бергенден кийин адвокаттардан квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн (адвокаттын кызматы) арыздар таризделди.  Консультациялардын жыйынтыгы боюнча, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам борборуна 19 соттолгон адам арыз менен кайрылышты. Азыркы учурда да арыздар  келип түшүдө. 

Жайларга чыгуу 2019-жылдын 25-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) менен МКЮЖ КБнын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында уюштурулган. Макулдашуунун негизги максаты - Кыргыз Республикасында Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана адамдын, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин сактоо тармагында эффективдүү кызматташууну жолго коюу.