Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

28 ноябрь 2019

Калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча декада соңуна чыкты

one

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан уюштурулган, КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору тарабынан ишке ашырылган калкка акысыз юридикалык жардам кѳрсѳтүү боюнча декада аяктады.

2019-жылдын 18-ноябрынан 22-ноябрына чейин республика боюнча юристер жана адвокаттар акысыз консультациялык жардам көрсөтүштү.

Көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде консультация алыш үчүн 5 349 жаран кайрылган.

Региондор боюнча маалыматтар:

– Ош облусу боюнча-765;

- Ысык – Көл облусу боюнча-524;

- Жалал – Абад облусу боюнча-1048;

– Нарын облусу боюнча-835;

– Баткен облусу боюнча-247;

– Талас областы боюнча-317;

– Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча -1 613.

Укуктук жардам юридикалык маселелер боюнча оозеки консультация берүү жолу менен республиканын бүт аймагынын шаарларында, райондорунда жана айылдарда адамдар көп чогулган жерлеринде көрсөтүлдү.

Декаданын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн талдоого ылайык, калкты майыптык, пенсия, салыктар боюнча тариздөө жана жеке ишкерди каттоо, эмгек укугу (мыйзамсыз бошотуу) маселелери кызыктырды.

Ал эми республиканын регионодорунун тургундарын, көбүнчө кызыктырган маселелер - мурас, жер участокторун берүү (документтерди тариздөө, жерлерди трансформациялоо, талаш-тартыштар), балдарга социалдык пособия алуу, үй-бүлөлүк маселелер (үй-бүлөлүк зомбулук, никени бузуу, алимент, мүлктү бөлүштүрүү), ордун толтуруу, моралдык жана материалдык жактан келүү жана камкорчулук.

Ошондой эле, жарандар паспортор жана башка жарандык актыларды алуу, жаңылоо, документтерди апостилдештирүү, документтерди тариздөө жана насыя алуу маселелери боюнча кайрылышкан.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жарандардын укуктук сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу жана калктын аярлуу катмарына юридикалык жардам көрсөтүү боюнча иштерди мындан ары да улантат. 

 

Декада БУУӨПнын долбоору колдоосу менен жана Финляндия ТИМ "Туруктуу сот адилеттигине жетүүгө кеңейтүү үчүн укуктук мүмкүнчүлүктөрдү" КР USAID Программасы менен биргелешип башкаруу жана Германиялык эл аралык кызматташтык боюнча коом GIZ Фонду аркылуу Европа Союзунун "КР укук үстөмдүгү-2-фаза" программасынын жүзөгө ашырылууда,  жана "Сорос-Кыргызстан" Декада БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун, Биргелешип башкаруу USAID Программасынын жана Германиянын эл аралык кызматташтык боюнча GIZ Фонду тарабынан ишке ашырылган Европа Союзунун "Кыргыз Республикасында укук үстѳмдүгү – 2-Фаза” Программасы жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун колдоосу менен уюштурулду.