Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

10 декабрь 2019

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде үй-бүлөлүк, мураскорлук жана жер маселелери боюнча практикалык колдонмолордун, ошондой эле консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча отчеттуулуктун электрондук системасы тартууланды

one

Бүгүн, 2019-жылдын 10-декабрында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинде консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча электрондук отчет системасы, ошондой эле үй-бүлөлүк, мурастык, жер жана социалдык маселелер боюнча практикалык колдонмолордун  бет ачар аземи ѳттү.

Бул иш-чара 10-декабрда дүйнө жүзүндө белгиленген Адам укуктарынын күнүнө арналган. 

Консультациялык-укуктук жардамдын отчеттуулугунун электрондук системасы 2019-жылдын июлунан тартып тесттик режимде иштей баштады.

Бул маалымат тутуму Юстициянын аймактык башкармалыгынын алдындагы Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордун кызматкерлери берген консультациялардын санын жана кайрылуучулардын жаш курагын, жынысын, социалдык жана жарандык статусун көрсөтүү менен маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет.

Системанын компоненттеринин арасында жарандардын кайрылууларын электрондук эсепке алуу жана онлайн консультацияларды киргизүү сыяктуу функциялар бар (электрондук форматта жарандардын кайрылууларын каттайт).

Ошону менен бирге белгилей кетсек, жарандардын кайрылууларын талдоо көрсөткөндөй, өлкөнүн калкын үй-бүлөлүк, мурас, жер жана социалдык маселелери көбүрөөк кызыктырууда.

КРнын Юстиция министрлиги, Ист-Вест Менеджмент Институту – Кыргыз Республикасы ишке ашырган USAID Биргелешип башкаруу программасынын колдоосу менен, Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордун адвокаттарынын жана кеңири коомчулуктун укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча маалымдама практикалык колдонмолорду иштеп чыгарган.

Көрсөтүлгөн китептердин базасында угуучулардын эң көп санын тартууга багытталган укуктук процесстердин кыскача, сыйымдуу сыпаттамалары менен  инфографикаларды камтыган видеокурстар түзүлгөн. Алар Юстиция министрлигинин жана Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун бардык сайттарында жеткиликтүү болот.

Иш-чаранын аягында катышуучуларга консультациялык-укуктук жардамдын мониторингинин методикасынын долбоору жана калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорунун ишин баалоонун жыйынтыктары көрсөтүлдү.

Презентацияга адвокаттар, донордук уюмдардын жана сот тутумунун өкүлдөрү, коммерциялык эмес уюмдардын эксперттери, ошондой эле Юстиция министрлигинин кызматкерлери катышышты.