Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

25 июнь 2018

Юстиция министрлиги Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эки борбор ачты

one

22-июнунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылуучу USAIDдин Биргелешип башкаруупрограммасынын колдоосунда Ысык-Көл облусунда эки Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборунун (АЮЖБ) салтанаттуу ачылышын өткөрдү.


Ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбековдун, Кыргыз Республикасындагы USAIDдин Биргелешип башкаруупрограммасынын директору Гарри Лэдбэттэр мырзанын, Ист-Вест Менеджмент Институтунун юридикалыкпрограммалардын региондук директору Николас Мэнсфилд мырзанын, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл районунун акими Данияр Иманалиевдин, Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун, Ысык-Көл облустук сотунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттатырын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.


Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору жарандар үчүн укуктук жардамга бирдей жетүүнү камсыз кылышат,ошондой эле калктын аялуу топторунун укуктук корголуу деңгээлин жогорулатат. Борборлорго келгендер мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү системасына кирген юристтин, мамлекеттик нотариустун же адвокаттын консультациясын алышат. Азыркы мезгилде Чүй, Ош, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында 22 Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору иштейт. Жыл сайын акысыз юридикалык жардам сурап кайрылган жарандардын саны өсүүдө.


USAIDдин Биргелешип башкаруупрограммасы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин калктын укуктук жардамга жетүүсүн жакшыртууга багытталган демилгесин колдойт.ПрограммаБаткен облусунун Исфана жана Кадамжай шаарларында, Жалал-Абад  облусунун Жалал-Абад шаарында жана Базар-Коргон айылында,ошондой элеНарын облусунун Нарын шаарында жана Кочкор айылында алты Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборунун ачылышын буга чейин колдоп келген. USAIDдин Биргелешип башкаруупрограммасы борборлор тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын арттыруу максатында учурдагы Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорун чыңдоого да көмөк көрсөтөт.


Борборлордун иши тууралуу жана алар менен байланышуу боюнча кыйла кенен маалыматты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыктарынан,ошондой элеhttp://legalmap.gov.kg/ru/дареги боюнча юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн интерактивдүү картасынан жанаwww.minjust.gov.kgсайтынан алууга болот.