Служба юридической помощи при Министерстве юстиции Кыргызской Республики

Назад

04 сентября 2020

ЦК ГГЮП оказана гарантированная государством юридическая помощь 26 693 гражданам республики

one

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында берилген  юридикалык жардам жөнүндө маалымдайт.

           Борбор тарабынан укуктук-консультация жардам алкагында 26 693 адамга юридикалык кеп кенеш берилген, анын ичинен 438 майып адамдарга,  340 жашы жете элек балдарга, 5764 пенсионерлерге жана 3349 калктын аялуу катмарына кирген жарандарга.
           Андан сырткары, 112 ишеним телефону аркылуу 614 юридикалык консультация берилген, анын ичинде 19 майып адамдарга.
           Ал эми, квалификациялуу юридикалык жардамдын алкагында (адвокаттын коргоо жана/же жана өкүлчүлүк боюнча мамлекет эсебинен көрсөтүлүүчү кызматы) 5814 адамга жардам көрсөтүлгөн, анын ичинде жашы жете электерге, майыптарга (ДМЧА), кармалган адамдарга көрсөтүлгөн юридикалык жардам– 1950 түздү.
           Эске салсак, Кыргыз Республикасынын "Мамлекет кепилденген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамына ылайык, мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам жазык  жарандык жана административдик сот өндүрүшүнүн чөйрөсүндө көрсөтүлөт

 Квалификациялуу юридикалык жардам алууга төмөнкүлөр укуктуу: кармалган адамдар; өзгөчө оор кылмыш жасады деп шектелгендер, айыпталуучулар; I жана II топтогу майыптар, психикалык оорулардан жабыркаган адамдар; Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңдештирилген адамдар; жашы жете электер; жашы жете элек баланы/балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой энелер; энеси жок жашы жете элек баланы/балдарды тарбиялаган адам;  мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары; мамлекеттик жатак-үйлөрдө жашаган кары-картаңдар. 

           Ошондой эле, жылдык кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда жыл сайын белгиленүүчү эң аз эмгек акысынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган жарандар мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу. 
           Тактап айтсак, 2020-жылга карата жарандын жылдык кирешесинин көлөмү 111 240 сомдон (бир айына 9270 сомдон) ашпаган болсо, малекет эсебинен квалификациалуу юридикалык жардам алуууга укуктуу болуп эсептелинет.
           Толук маалымат Борбордун томонку сайттында жана социалдык баракчаларынан алсаныз болот