Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Кызматтын тарыхы

Акысыз юридикалык жардам “мамлекеттик адвокат” деген ат менен советтик доордон эле белгилүү. Тилекке каршы, көз карандысыздыкка ээ болгондон тарта мындай жардам формалдуу түрдө сакталган менен, сапаты көңүл сыртында калды. Ар бир жарандын өз укугун, мыйзамдуу кызыкчылыктарын цивилдүү жолдор менен коргоо мүмкүнчүлүгү Конституцияда бекитилген. “Ар бир адам квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу. Мыйзамда каралган учурларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөт”, - деп айтылат Баш мыйзамдын 61-беренесинде. Калктын аярлуу катмарынын укуктарын коргоону, укук-колдонулуучу иш-тажрыйбаларды жана эл аралык тажрыйбаны тыкыр изилдеген соң, 2009-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамы кабыл алынды. Мыйзам толугу менен 2011-жылы күчүнө кирди, эки-үч аймакта сыноодон өтүп, кийин бүт өлкө боюнча ишке киргизилди.

Биринчи мыйзамдын өзгөчөлүгү – акысыз адвокаттар кылмыш иштери боюнча гана берилчү. Муну ишке ашыруу, сапатын көтөрүү механизмдери так аныкталган эмес эле. Уюштуруу, координациялоо жана мониторингге алуу маселелери документке кошулган эмес. 2013-жылы сот реформасынын алкагында бир катар кодекстер менен мыйзамдар кабыл алынды, ошондой эле “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамынын жаңы редакциясынын үстүндө иш жүрүп жатты. Бул мыйзам 2016-жылдын декабрында кабыл алынып, 2017-жылы күчүнө кирген башка мыйзамдар менен толук шайкеш келтирилди.

2016-жылы “Тилектештик автобусу” долбоору башталды. Юристтер жана адистерден турган мобилдик топ ар квартал сайын республиканын алыскы аймактарына барып, жеринен юридикалык жардам көрсөтүп келишет. Долбоордун негизги максаты – алыскы аймактардагы жашоочуларга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү жана укуктук кеп-кеңеш берүү боюнча туруктуу системаны түзүү. “Тилектештик автобусу” бүгүн да ишин улантууда.

Мыйзам мамлекеттик координациялык уюмду түзүүнү карайт. Ошентип, 2017-жылдын 31-майында Юстиция министрлигин алдында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору түзүлдү. Мындай ыкма юридикалык жардам көрсөтүүгө байланыштуу мамилелерди структуралаштырып, ишмердүүлүктү тескөөнүн натыйжалуулугун көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

2018-жылдын 19-декабрында КР Өкмөтүнүн “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартибин жана адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынды. Ал кылмыш иши боюнча адвокаттардын акысын жогорулатууга гана жол ачпай, квалификациялуу юридикалык жардамды жарандык жана административдик иштер боюнча да көрсөтүүгө мүмкүндүк берди.

2021-жылдын февралында “Акысыз адвокат” телеберүүсү башталды. Ал ар дүйшөмбү саат 19:00дө УТРКда кыргыз тилинде түз эфирге чыгат. Программанын жүрүшүндө адвокат телефон аркылуу түз байланышка чыккан жарандардын суроолоруна жооп берет. Үч адамдан турган комиссия адвокаттын кызматына өтө муктаж делген 2 же 3 телекөрүүчүнү тандайт да, аларды акысыз адвокаттык кызмат менен камсыздайт.

2021-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору ачылды. Ал бүт өлкө аймагында жайгашкан Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорунун кеп-кеңеш берүү (баштапкы юридикалык жардам) ишмердүүлүгүн тескейт жана квалификациялуу юридикалык жардамдын (экинчи юридикалык жардам) берилишин камсыздайт.

2022-жылдын майында Юстиция министрлигинин аймагында Акысыз юридикалык жардамдын өлкө деңгээлиндеги борбору расмий ачылды. Мында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасына кирген квалификациялуу юристтер менен адвокаттар түзүлгөн жадыбал боюнча жарандарга кеп-кеңеш беришет. 2022-жылы Министрлер кабинетинин №557 токтому менен Юстиция министрлигинин алдындагы Юридикалык жардам кызматы тууралуу жобо бекитилип, Борбор Кызмат деп өзгөртүлдү.

2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков, Кыргызстандын Юридикалык клиникаларынын ассоциациясынын президенти Артур Бакиров, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов жана Улуттук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев “Акысыз адвокат” программасын улантуу тууралуу келишимге кол коюшту.

2023-жылдын 17-январында акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү “114” шыр байланышы ишке кирди. Сall-борбордун негизги максаты – мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү үчүн суроо-талаптарды кабыл алуу, аларды иштеп чыгуу, ыкчам кароо жана керек учурда жооптуу органдарга багыттоо, ошондой эле түшкөн билдирмелерди кароонун жыйынтыктарына андан ары байкоо салуу. 2023-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы менен кызматташуу жана өз ара аракеттенүү тууралуу меморандумга кол коюлду. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын сапатын көтөрүү, эл аралык сунуштар жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча стандарттарга ылайык сот адилеттүүлүгүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча чогуу жасаган аракеттер жакынкы келечекте жемишин берерине ишенебиз.