Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Акысыз Адвокат

«Акысыз адвокат» берүүсү ар дүйшөмбү сайын саат 19:00дө УТРКда эфирге чыгат. Адвокат түз эфирде телефон аркылуу байланышка чыккан жарандардын суроолоруна жооп берет. Комиссия алардын арасынан адвокаттын кызматына өтө муктаж болуп турган 2 же 3 көрүүчүнү тандап, акысыз адвокаттык кызмат менен камсыздайт. 

“Акысыз адвокат” телеберүүсү 2021-жылдын сентябрь айында башталган. Аны “Замана” студиясы даярдап, ар дүйшөмбү саат 19:00дө УТРКда кыргыз тилинде түз эфирге чыгат. Берүүнүн узактыгы 50 мүнөткө чейин.

Программанын жүрүшүндө адвокат телефон аркылуу түз байланышка чыккан жарандардын суроолоруна жооп берет. Үч адамдан турган комиссия адвокаттын кызматына өтө муктаж делген 2 же 3 телекөрүүчүнү тандайт да, аларды акысыз адвокаттык кызмат менен камсыздайт. Тандалган жарандардын маселеси кандай чечилип жатканы тууралуу маалымат берүүнүн жүрүшүндө кабарланып турат.

2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков, Кыргызстандын Юридикалык клиникаларынын ассоциациясынын президенти Артур Бакиров,  Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов жана Улуттук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев “Акысыз адвокат” программасын улантуу тууралуу келишимге кол коюшту. 

КР ЮМ алдындагы Юридикалык жардам кызматы 2023-жылдан тарта “Акысыз адвокат” программасы аркылуу келген кайрылууларды санариптештирүү аркылуу көрсөтүлгөн жардамдардын статистикасын жүргүзүүдө. 

Ар дүйшөмбү саат 19:00дө 0505802060 WhatsApp номери аркылуу суроо узатып, акысыз адвокатка ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар. 

Ким юридикалык кеңеш ала алат?

Төмөнкүлөр юридикалык консультация алууга укуктуу:


Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттери сиздерге сиздин укуктарыңыз жана милдеттериңиз, өз укуктарыңызды сотто жана соттон тышкаркы тартипте ишке ашыруунун жана пайдалануунун жолдору жөнүндө маалымдайт, укуктук документтерди тариздөөдө көмөк көрсөтөт.