Арип өлчөмү
Түс
Артка
Юридикалык жардам кызматы
2024-жылдын 16-июлунан тартып 18-июлуна чейин
«Тилектештик автобусу» мобилдик чыгуусун Ысык-Көл облусунун
Түп районунун төмөнкү айылдарында өткөрөт:
✅16-июлда Түп районунун, Каркыра айыл аймагынын, Талды-Суу
айылында;
✅17-июлда Түп районунун, Карасаев айыл аймагынын, Миң-Булак айыл аймагында;
✅18-июлда Түп районунун, Ысык-Көл айыл аймагынын, Михайловка айылында.
⏰Аталган акция саат 10.00дөн - 16.00го чейин өтөт.
Акциянын жүрүшүндө Юридикалык жардам
кызматынын координаторлору, адвокаттар,
мамлекеттик нотариустар жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү калкка жарандык, үй-
бүлөлүк, эмгек, жер укуктары, мамлекеттик
социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу, калкты документтештирүү ж.б. укуктук
маселелер боюнча акысыз консультациялык-
укуктук жардам көрсөтүшөт.
Иш-чаранын максаты алыскы региондордун тургундарын акысыз юридикалык жардам менен камсыз кылуу.
Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси 381
ep@ukuk-jardam.gov.kgБул вебсайт USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун техникалык колдоосу менен ишке ашырылган. АКШ өкмөтү, USAID жана EWMI бул сайттын мазмуну үчүн жооптуу эмес.
Copyright 2025 (c) Бардык укуктар корголгон
Сайт иштелип чыккан: