Арип өлчөмү
Түс
Артка
Юридикалык жардам кызматы 2024-жылдын 22-октябрдан тартып 24-октябрына чейин «Тилектештик автобусу» мобилдик чыгуусун Ош облусунун Ноокат районунун айыл аймактарында өткөрөт.
22-октябрь Ноокат районунун, Исанов айыл аймагынын, Жыңы-Базар айылы;
23-октябрь Ноокат районунун, Кулатов айыл аймагынын, Кожо-Арык айылы;
24-октябрь Ноокат районунун, Төөлөс айыл аймагынын, Муркут айылында өтөт.
Акциянын жүрүшүндө Юридикалык жардам кызматынын координаторлору, адвокаттар, мамлекеттик нотариустар жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышат.
Калкка жарандык, үй-бүлөлүк, эмгек, жер укуктары, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу, калкты документтештирүү ж.б. укуктук маселелер боюнча акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүшөт.
Иш-чаранын максаты, алыскы региондордун тургундарын акысыз юридикалык жардам менен камсыз кылуу.
Аталган акция саат 10.00дөн - 16.00го чейин өтөт.
Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси 381
ep@ukuk-jardam.gov.kgБул вебсайт USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун техникалык колдоосу менен ишке ашырылган. АКШ өкмөтү, USAID жана EWMI бул сайттын мазмуну үчүн жооптуу эмес.
Copyright 2025 (c) Бардык укуктар корголгон
Сайт иштелип чыккан: