Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

02 декабрь 2024

Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү декадасы башталды!

Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү декадасы башталды!

2-11-декабрга чейин бардык каалоочуларды акысыз юридикалык жардам көрсөтүү декадасына катышууга чакырабыз.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттери ар түрдүү юридикалык маселелер боюнча консультацияларды беришет.
Мурас, жер, социалдык жөлөкпулдар, үй-бүлөлүк талаш- тартыштар жана башка укуктук маселелер боюнча юристтер, нотариустар жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү сиздердин суроолоруңуздарга жооп берүүгө жана татаал укуктук кырдаалдарда жардам берүүгө даяр.

Өз укугуңузду коргоо мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!
Акысыз юридикалык жардам декадасына келип, тажрыйбалуу адистерден юридикалык жардам алыңыз. Декада БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосунда өтүп жатат