Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

29 ноябрь 2024

Кыргызстанда Адам укуктары күнүнө арналган калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам декадасы өтөт

Кыргызстанда Адам укуктары күнүнө арналган калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам декадасы өтөт

Өз укуктарыңды БҮГҮН корго!
Бардык каалоочуларды акысыз консультациялык-укуктук жардам декадасына чакырабыз!
2-декабрдан 11-декабрга чейин өтө турган акысыз консультациялык-укуктук жардам декадасынын алкагында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын бардык субъекттери мураска, жерге, социалдык жөлөкпулдарга, үй-бүлөлүк талаш-тартыштарга жана башка көптөгөн укуктук маселелер боюнча юридикалык консультацияларды беришет. Юристтер, нотариустар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бардык суроолоруңузга жооп беришет жана көйгөй жараткан маселелерди чечүүгө жардам берет.
Өз укуктарыңды корго! Акысыз юридикалык жардам декадасына келиңиз жана тажрыйбалуу юристтерден кесипкөй кеңеш алыңыз.
Кийинкиге жылдырбаңыз – сиздин көйгөйүңүз бүгүн чечилиши мүмкүн!
Өткөрүүчү жайдын даректери сүрөттө көрсөтүлгөн.