Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

27 май 2025

«Тилектештик автобусу» мобилдик чыгуусу менен Нарын обласында

«Тилектештик автобусу» мобилдик чыгуусу менен Нарын обласында

«Тилектештик автобусу» мобилдик чыгуусу менен Нарын обласында

2025-жылдын 2-3-июнунда «Тилектештик автобусунун» мобилдик тобу Нарын облусуна барып, облустун эң алыскы райондорунун тургундарына акысыз юридикалык жана социалдык жардам көрсөтүшөт.

Бул акция калктын квалификациялуу консультацияларга жана мамлекеттик кызматтарга жетүүсүн жеңилдетүү максатында уюштурулууда. Иш-чаранын алкагында тажрыйбалуу юристтер, адвокаттар, ошондой эле бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жарандардын суроолоруна жооп берип, иш кагаздарын жүргүзүүгө жардам берип, ар кандай турмуштук кырдаалдар боюнча кеп-кеңештерин беришет.

Нарын облусундагы «Тилектештик автобусунун» иштөө убактысы:

* 2-июнь: Кочкор жана Жумгал райондору

* 3-июнь: Нарын шаары жана Ак-Таалы району

Убактысы - 10:00дөн 17:00гө чейин.

Урматтуу Нарын облусунун тургундары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө көптөн бери суроолоруңуз болсо, же юридикалык жардамга муктаж болсоңуз, иш-чарага келиңиз. Бардык консультациялар бекер. 

“Тилектештик автобусу” – бул мамлекет менен жарандардын диалогу, өлкөнүн ар бир тургунуна түз жардам жана көңүл буруу.