Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Тилектештик Автобус

bus

“Тилектештик автобусу” 

Юристтердин жана адистердин мобилдик тобу ар квартал сайын республиканын алыскы аймактарына чыгып, калкка жеринде юридикалык жардам көрсөтөт. 

“Тилектештик автобусу” долбоору 2016-жылдан бери ишке ашырылууда.

Долбоордун негизги максаты – Кыргыз Республикасынын алыскы аймактарындагы жашоочуларына акысыз юридикалык жардам көрсөтүү жана укуктук кеп-кеңеш берүү боюнча туруктуу системаны түзүү.

“Тилектештик автобусу” долбоорунун негизги милдеттери:

- Кыргыз Республикасынын калкынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү;

- мыйзамдардын түрдүү аспектилери боюнча кеп-кеңеш берүүчү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

- акысыз юридикалык жардам көрсөтүү жана укуктук кеп-кеңеш берүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, дагы башка мекемелер жана тараптар менен өз ара аракеттенүү.

- Кыргыз Республикасынын калкын укуктук жактан агартууга,  укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

Мобилдик топтор адистерден куралат. Мында калк арасындагы курч көйгөйлөр эске алынат. Мисалы, социалдык камсыздоо, пенсиялык камсыздандыруу, жөлөк пул алуу, алимент, жарандардын социалдык жактан корголбогон категориясына, анын ичинде турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр менен балдарга,  улгайган жарандарга жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга кызматтар; паспорт, өздүгүн тактоочу башка документтерди алуу жана калыбына келтирүү; мурас (керээз кат, мурастан үлүштү бөлүү); кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө менчик укугу (карызды өндүрүү, сатуу-сатып алуу) ж.б.


“Тилектештик автобусу” мобилдик тобунун 2024-жылдагы аймактарга чыгуу жадыбалы.


«Тилектештик автобусу» мобилдик тобунун сапары
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун айыл аймактары
I-квартал  4-5-6-март

Чүй облусунун Жайыл районунун айыл аймактары

II-квартал  16-17-18-апрель


Ысык-Кѳл облусунун Түп районунун айыл аймактары

III-квартал  16-17-18-июль


Ош облусунун Ноокат районунун айыл аймактары

IV-квартал  22-23-24-октябрь