Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Никесиз төрөлгөн балага кантип алимент өндүрсө болот?

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, расмий каттоосу жок жарандык никеде төрөлгөн бала расмий никеде төрөлгөн балдардай эле мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын коргоо кепилдигине ээ.

Никесиз төрөлгөн балага алимент чыгартуунун тартиби төмөнкү жагдайлардан көз каранды: 

Атасы туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө жазылган. Бул учурда алимент расмий никедеге балдарга кандай өндүрүлсө, ошондой эле өндүрүлөт. Башкача айтканда, энеси менен атасы ыктыярдуу маулдашууну түзүшөт же маселе сот аркылуу чечилет.

Атасы туулгандыгы тууралуу күбөлүктө жазылган эмес. Эгер ата баласын тан албай жатса, анын аталыгын   медициналык экспертиза өткөрүү аркылуу же энесинин колундагы талашсыз аргументтерди көрсөтүү менен сотто далилдесе болот. 

Ошентип, бала никесиз төрөлгөн учурда алимент жалпы шартта эле өндүрүлөт, бир гана жери – аталыкты та процедурасы жүргүзүлүшү керек.