Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

04 март 2024

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

one

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди жана «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым жоболору Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык келтирилди. 

Мыйзамдагы негизги өзгөртүүлөр:

- жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында квалификациялуу юридикалык жардам калктын аялуу катмары үчүн (I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарга, жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү жарандарга, турмуштук оор кырдаалда турган балдарга, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңештирилген адамдарга, багуусунда бала/балдар болгон жалгыз бой адамдарга, мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына, мамлекеттик социалдык стационардык мекемелерде жашаган улгайган жарандарга, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө иштер боюнча жарандарга) жарандык иштердин бардык категориялары боюнча алардын кирешелерин эске албастан көрсөтүлөт;

– административдик сот өндүрүшүнүн алкагында квалификациялуу юридикалык жардам кирешеси эске алынбастан кайрылмандын, качкындын, жарандыгы жок адамдын, аргасыз жер которуучунун статустарын берүү маселелери боюнча кайрылган адамдарга көрсөтүлөт; 

– квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн сапатынын стандарттары мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү саясатты координациялоо жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан бекитилет;

– адвокатка карата колдонулуучу таасир этүү чараларынын тизмеси толукталды;

– көмөкчү юристтердин статусу, ишинин тартиби жана алардын реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана ыйгарым укуктуу мамлекетгик органдын ведомстволук бөлүмү мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын сапатын камсыз кылуу үчүн консультациялык укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатына мониторинг жүргүзөт, баалайт.