Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

20 июнь 2024

Калкка юридикалык жардам көрсөтүү боюнча онлайн консультациялардын акциясы башталды

Калкка юридикалык жардам көрсөтүү боюнча онлайн консультациялардын акциясы башталды

Калкка юридикалык жардам көрсөтүү боюнча онлайн консультациялардын акциясы башталды

2024-жылдын 20-июнунан 16-августуна чейин күн сайын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы расмий социалдык баракчаларда https://www.instagram.com/minjustkg_official/  жана https://www.instagram.com/uridikalyk_jardam/ калкка түз эфирде келип түшкөн ар кандай маселелер боюнча онлайн консультацияларды берет.

Мындай формат жарандар үчүн, үйдөн чыкпастан эле квалификациялуу жардам жана ар кандай юридикалык маселелер боюнча түшүндүрмө алуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.

Бүгүн, 20-июнда саат 15:00дө Юридикалык жардам көрсөтүү жана укуктук агартуу башкармалыгынын начальниги (правильно ли надо, уточнить) А. Камаева түз эфирге чыгат.

Ушундай демилгелердин аркасында адамдар укук жаатындагы билимин кеңейтип, кызыктырган суроолоруна жооп алып, укуктук сабаттуулугун арттыра алышат. 

Онлайн-юридикалык консультациялар-бул калктын укуктук маданиятын жогорулатуу жана юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн маанилүү кадам.

Программаны жүктөө