Арип өлчөмү
Түс
Артка
Индияда каза болгон күйөөсүнүн өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүн алууда кыйынчылыктарга туш болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын маселеси ийгиликтүү чечилди. Индиялык ооруканадагы керектүү медициналык маалымкаттардын жоктугу бир топ тоскоолдуктарды жараткан эле. Бирок, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы №241 токтому менен бекитилген мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам көрсөтүү системасынын субъектилеринин биргелешкен ишинин аркасында маселе ийгиликтүү чечилди.
Юридикалык жардам кызматы мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам көрсөтүү процессин координациялап, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты каттоо департаменти менен натыйжалуу кызматташтыкты камсыз кылды.
Бул окуя мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүүсү менен татаал юридикалык маселелер чечилип, жарандарга чыныгы жардам берилерин айкын көрсөтүп турат.
Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси 381
ep@ukuk-jardam.gov.kgБул вебсайт USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун техникалык колдоосу менен ишке ашырылган. АКШ өкмөтү, USAID жана EWMI бул сайттын мазмуну үчүн жооптуу эмес.
Copyright 2025 (c) Бардык укуктар корголгон
Сайт иштелип чыккан: