Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

12 декабрь 2024

9-12-декабрда юристтер үчүн кесиптик ишмердигинин негизги аспектилери боюнча тренингдер өткөрүлдү.

9-12-декабрда юристтер үчүн кесиптик ишмердигинин негизги аспектилери боюнча тренингдер өткөрүлдү.

📍Тренингдер Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын адвокаттарын камтыды, бул өлкөнүн ар бир аймагында сапаттуу юридикалык жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.


Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар адвокаттардын ишин жөнгө салуучу негизги актыларды, ошондой эле алардын ишин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациялык талаптарды үйрөнүштү.

📌Тренингдин максаты - юристтердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, укуктук жөнгө салуу жаатындагы билимдерин чыңдоо жана калкка көрсөтүлүүчү юридикалык жардамдын сапатын жогорулатуу.


Тренингдин жыйынтыгы боюнча катышуучулар:

• ченемдик укуктук база жөнүндө актуалдуу маалыматты алуу,

• практикалык суроолорду жана учурларды талдоо,

• ез иштерин мындан ары енуктуруу боюнча тажрыйба жана пикир алмашышты.


Иш-чаралар КР Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын демилгеси менен USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун алкагында уюштурулуп, аймактарда юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана укуктук сабаттуулукту жогорулатууга багытталган.