Артка
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Япониянын Юстиция министрлигинин укук жана адилеттикти камсыздоо тармагындагы кызматташтык тууралуу Меморандумун ишке ашыруунун алкагында, Япониядан келген делегация 2024-жылдын 12-декабрынан 18-декабрына чейин Кыргыз Республикасында болду.
Визит учурунда япон тараптын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу уюмдардын ишмердүүлүгү менен таанышып, эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Делегация төмөнкү мекемелерге барышты:
- Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелери;
- Кайтаруу жана конвой кызматы;
- Пробация департаменти;
- Соттук-эксперттик кызмат;
- Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту;
- Юридикалык жардам кызматы.
Өзгөчө көңүл Ысык-Көл облусундагы жазаларды аткаруу системасынын мекемелерине бурулду.
Коноктор Кыргызстанда пенитенциардык системаны уюштуруу, соттолгондорду реабилитациялоо иш-чараларын өткөрүү, ошондой эле кызматкерлердин социалдык жана укуктук коргоосун камсыздоо боюнча тажрыйбаны изилдешти.