Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

25 март 2025

Чуй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда координациялык кеңешме өттү

Чуй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда координациялык кеңешме өттү

🔹25-март күнү Чуй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда акысыз юридикалык жардам көрсөтүү системасынын ишин жакшыртууга арналган координациялык кеңешме болуп өттү.
Иш-чарада мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү чогулуп, юридикалык жардам көрсөтүүнүн ыңгайлуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуунун жолдорун талкуулашты.
Жолугушуунун негизги темалары:
◾️ Юридикалык жардам кызматы тарабынан иштелип чыккан консультациялардын жаңы электрондук системасы (CRM).
◾️Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары бул системаны өз иштеринде кантип колдонушу.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар системаны кантип колдонуу боюнча деталдуу көрсөтмөлөрдү алышты жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарынын укуктук жардам көрсөтүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу жолдорун талкуулашты.