Артка
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Меморандум мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) жаатындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Документке Юридикалык жардам кызматынын төрагасы Акжол Калбеков менен Акыйкатчынын орун басары Жаныбек Жоробаев кол коюшту.
Тараптар учурдагы мыйзамдардын жана адам укуктары боюнча эл аралык стандарттардын алкагында кызматташууну бекемдөө, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, социалдык долбоорлорду иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү, өзгөчө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана соттолгондорго юридикалык жардам көрсөтүү механизмдерин өркүндөтүүнү макулдашты.
Кызматташтыктын негизги багыттарына төмөнкүлөр кирет: жабык мекемелерде биргелешкен мониторингди уюштуруу, ишеним телефондорунун натыйжалуулугун жогорулатуу, маалыматтык системаларды интеграциялоо, жарандардын суроо-талаптарын кароонун биргелешкен алгоритмдерин иштеп чыгуу, маалыматтык-билим берүү кампанияларын жана кызматкерлерди окутуу.