Артка
Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата өткөрүлүп жаткан акциянын алкагында Юридикалык жардам кызматы мектеп окуучуларынын жана мугалимдердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган масштабдуу укуктук иш чара өткөрдү.
Иш-чара республика боюнча мектеп окуу жайларын камтыды жана анын алкагында мугалимдер үчүн консультациялар уюштурулуп, Юридикалык жардам кызматынын адистери мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүндө жана турмушунда туш болушу мүмкүн болгон актуалдуу укуктук маселелерге жооп беришти. Ошондой эле мектеп окуучулары үчүн мыйзам бузуунун кесепеттерине жана бейбаштык маселесине арналган лекциялар жана маектер болуп өттү.
Практикалык иштерди талдоо менен интерактивдүү сабактарга өзгөчө көңүл бурулду. Бул окуучуларга мыйзамды сактоо жана башкалардын укуктарын урматтоо канчалык маанилүү экендигин конкреттүү мисалдар менен түшүнүүгө мүмкүндүк берди.
Иш -чара катышуучулардын оң реакциясын жаратты. Мугалимдер алган кеп-кеңештердин маанилүүлүгүн жана укуктук сабатулунун жакшыргандыгын белгилешти, ал эми окуучулар талкууланып жаткан темаларга терең кызыгуу көрсөтүштү жана кырдаалды талдоого активдүү катышышты.