Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

30 апрель 2025

Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата өлкө боюнча акысыз юридикалык консультациялар өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата өлкө боюнча акысыз юридикалык консультациялар өтүүдө

2025-жылдын 30-апрели Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы калкка акысыз юридикалык кеңештерди берүү боюнча республикалык акция өткөрүүдө.

Акциянын алкагында өлкөнүн ар бир аймагында атайын аянтчалар уюштурулуп, бардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү чогулат. Ар бир жаран ар кандай юридикалык маселелер боюнча акысыз кеңеш ала алат.

Акция жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана мамлекеттин укуктук институттарына калктын ишенимин бекемдөөгө багытталган.

Ошентип, натыйжада 1529 жашоочу акысыз консультациялык-укуктук жардам алды.
Алардын ичинен:
Жынысы боюнча:
Аялдар-790
Эркектер-739
Социалдык статусу боюнча:
Аз камсыз болгон жарандар – 130
Пенсия жашындагы жарандар-409
Иш менен камсыз болгон жарандар- 387
Жумушсуз жарандар- 598
Жашы жете элек жарандар – 1
Майыптыгы бар адам – 4. Жарандыгы боюнча: КР жараны 1519, Чет өлкөлүк жарандар 10.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Юридикалык жардам кызматы бардык жарандарды мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, квалификациялуу юридикалык жардамды таптакыр бекер алууга чакырат.