Артка
Шыр байланыш, мобилдик кеңселер жана жаңы мүмкүнчүлүктөр: биз адилеттикке жетүүнү кантип кеңейтип жатабыз
2-июнда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинине караштуу Юридикалык жардам кызматында Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу адилеттикке жетүүнү кеңейтүү темасына арналды.
Иш-чарага БУУӨПтүн, Акыйкатчы институтунун, Эмгек министрлигинин жана Майыптар иши боюнча кеңештин өкүлдөрү да катышты.
Жолугушууда «Адилеттикке жетүү» долбоорунун ийгиликтери талкууланып, мекемелер аралык кызматташуунун жана калктын аярлуу катмарына колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Кызматташуунун алкагында күчтүү жана инклюзивдүү акысыз юридикалык жардам көрсөтүү системасы түзүлдү:
✔ Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын өнүктүрүү программасы боюнча (2024–2028)
✔ «114» Шыр байланыш линиясы жана республика боюнча автоматташтырылган маалымат тутуму (МКЮЖ АМТ)
✔ 2024-жылы 7 жаңы офис ачылды, офистер аркылуу 83 миңден ашуун адамга юридикалык жардам көрсөтүлдү
✔ Алыскы аймактарда иштеп жаткан 43 юридикалык жардам көрсөтүүчү кеңсе жана мобилдик топтор
✔ Гендердик сезимтал жана майыптыгы бар адамдарды камтыган юридикалык кызматтар өлкө боюнча жеткиликтүүлүктү кеңейтип жатат.
Тараптар калкка укуктук колдоо көрсөтүүнү мындан ары да бекемдөөгө жана кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.