Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

04 июнь 2025

«Тилектештик автобусу» Нарын облусунда: 221 жаран акысыз укуктук жардам алды

«Тилектештик автобусу» Нарын облусунда: 221 жаран акысыз укуктук жардам алды

«Тилектештик автобусу» мобилдик тобу Нарын облусундагы төрт айылга — Нарын шаарынын Чет-Нура айылына, Кочкор районунун Кара-Тоо айылына, Жумгал районунун Байзак айылына жана Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылына барып, жергиликтүү жашоочуларга акысыз укуктук жардам көрсөттү.

Жалпысынан 221 жаран акысыз консультациялык-укуктук жардам алды.

Алардын ичинен:

Жынысы боюнча:

•    Аялдар – 99

•    Эркектер – 122

Социалдык статусу боюнча:

•    Аз камсыз болгон жарандар – 37

•    Пенсия курагындагы жарандар – 42

•    Иш менен камсыз болгон жарандар – 77

•    Жумушсуз жарандар – 39

•    Жашы жете элек жарандар – 7

•    Майыптыгы бар адамдар – 19

«Тилектештик автобусу» акциясы калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган жарандарга укуктук кызматтарды жеткирүү максатында ишке ашырылып келет. Жарандар үй-бүлөлүк, эмгек, мурас, жер жана башка укуктук маселелер боюнча кеңеш алышты.

Юридикалык жардам кызматы мындай мобилдик чыгууларды улантып, өлкө аймагында укуктук кызматтардын жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган иш-аракеттерди мындан ары да жүргүзөт.