Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

23 июнь 2025

26-июнь — Юристтер күнү: Калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү акциясы

26-июнь — Юристтер күнү: Калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү акциясы

26-июнь күнү Кыргызстан боюнча юристтердин кесиптик майрамынын алкагында, "Зомбулукка жол жок" деген ураан астында бир күндүк акысыз укуктук жардам акциясы өтөт.


Акциянын негизги максаты — зомбулуктун бардык түрүнө каршы күрөшүү жана калк арасында укуктук билимди жогорулатуу. Жарандарга укуктук жардам, кеңеш берүү жана кызыктырган суроолоруна жооп алуу үчүн жергиликтүү юристтерден акысыз кызмат көрсөтүлөт.

Акция төмөнкү жерде өткөрүлөт:

Бишкек шаары боюнча:

•    Биринчи май району: Чуй проспектиси 219а

•    Ленин району: СБ “Берекет Гранд” 

•    Свердлов району: Жибек-Жолу 381

•    Октябрь району: СБ “Оберон” 

Ош облусу боюнча:

•    Ош шаары: Юстиция башкармалыгынын имараты

•    Өзгөн району: Борбордук базар

•    Кара-Суу району: Мамлекеттик нотариусунун алдында, МЭЗ-1 көчөсү

•    Ноокат району: Администрациянын алдында

•    Араван району: Администрациянын алдында, Ленин көчөсү 1

•    Алай району: Ноокат районунун администрациясынын алдында, Нарматов көчөсү 109

Баткен облусу боюнча:

•    Баткен шаары: Кыргыз почтасы, Нургазиев көчөсү 1

•    Кадамжай району: Орозбеков 200

•    Раззаков шаары: Раззаков 21

Жалал-Абад облусу боюнча:

•    Жалал-Абад шаары: Кинотеатр МИР

•    Базар-Коргон району: Борбордук базар

•    Ноокен району: КТБ

•    Аксы району: КТБ

•    Ала-Бука району: Юстиция үйү

•    Чаткал району: КТБ

Ысык-Көл облусу боюнча:

•    Каракол шаары: Абдрахманов көчөсү 105

•    Нарын шаары: Ленин көчөсү 2

•    Жумгал району: Матыев көчөсү 108

•    Кочкор району: Баялы Исакеев көчөсү 46

Талас облусу боюнча:

•    Талас шаары: Нуржанов 11

•    Ч.Айтматов району: Жаштар борборунун имараты

•    Кызыл-Адыр айылы: Кожомуратов көчөсү

•    Бакай-Ата району: Отунбай айылы 40-көчө

•    Манас району: Юстиция үйү, Кояшев көчөсү

Чүй облусу боюнча:

•    Жайыл району: Мамлекеттик администрациясынын имараты

•    Москва району: Ленин көчөсү 27

•    Панфилов району: Центральный көчөсү 24

•    Сокулук району: Фрунзе 116

•    Ыссык-Ата району: Ленин көчөсү 97

•    Токмок шаары: Сарыбагышева көчөсү 84а

•    Кемин району: Кемин шаары, Ленин көчөсү 86а

Акцияга катышуу үчүн жарандар аталган жерлерге келип, укуктук жардам алса болот. Укуктук кеңештерди алуу үчүн жарандарга жеңилдик жана мүмкүнчүлүк түзүлүп, ар кандай укуктук маселелер боюнча жооп ала алышат.

"Зомбулукка жол жок!" — бул күн зомбулуктун алдын алуу жана укуктук билим берүү боюнча маанилүү кадам. Биз биргелешип, зордук-зомбулуктан таза коом курууга аракет кылып жатабыз!