Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

26 июнь 2025

Юридикалык жардам кызматынын кызматчылары «Сезим» кризистик борборуна юридикалык жардам берүүгө барышты.

Юридикалык жардам кызматынын кызматчылары «Сезим» кризистик борборуна юридикалык жардам берүүгө барышты.

Юристтер күнүнө карата өткөрүлүп жаткан «Зомбулукка жол жок» аттуу бир күндүк акциянын жүрүшүндө Юридикалык жардам кызматынын кызматчылары «Сезим» кризистик борборуна юридикалык жардам берүүгө барышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө зомбулуктан жабыркаган адамдарга укуктук колдоону күчөтүү максатында «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Назира Турарова жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын начальниги Айчүрөк Камаева менен кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө боюнча пикир алмашуулар болуп өттү.

Жолугушууда биргелешкен аракеттерди күчөтүү жана укуктук жардамдын жеткиликтүүлүгүн арттыруу багытында пландар талкууланды.