Артка
Юристтер күнүнө карата «Зомбулукка жол жок» темасында укуктук акция өттү
Бүгүн, 2025-жылдын 26-июнунда, Кыргызстан боюнча Юристтер күнүнө карата укуктук акция өттү. Иш-чаранын негизги максаты — жарандарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, укуктук сабаттуулукту жогорулатуу жана калктын аярлуу катмарына укуктук колдоо көрсөтүү.
Быйылкы акция «Зомбулукка жол жок» деген ураандын алдында уюштурулуп, үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, аялдар жана балдардын укугун коргоо, зомбулуктан жабыркагандарга укуктук колдоо көрсөтүү маселелерине басым жасалууда. Акысыз юридикалык жардам өлкөнүн бардык аймактарында уюштурулду.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана жерегиликтүү юридикалык кызматтардын өкүлдөрү катышышты.
Аталган акциянын алкагында республика боюнча жалпысынан 1223 жаран акысыз юридикалык кеңеш алды, алардын ичинен:
Аялдар-610
Эркектер-613.
Ошондой эле акциянын алкагында 11 жаранга акысыз адвокат дайындалды.