Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

06 август 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 6-августунда, Юстиция министринин орун басары Кубан Казаков Юридикалык жардам кызматына иш сапары менен келди.

Бүгүн, 2025-жылдын 6-августунда, Юстиция министринин орун басары Кубан Казаков Юридикалык жардам кызматына иш сапары менен келди.

Юстиция министринин орун басарынын Юридикалык жардам кызматына болгон иш сапары


Бүгүн, 2025-жылдын 6-августунда, Юстиция министринин орун басары Кубан Казаков Юридикалык жардам кызматына иш сапары менен келди.


Министрдин орун басары мамлекеттик кызматтын адистерин социалдык жактан колдоо жана жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу — негизги максат экенин баса белгилеп, Юридикалык жардам кызматынын кызматкерлерин колдоо жана стимулдаштырууга багытталган чаралар тууралуу айтып өттү.


Мындан тышкары, ал мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышып, жумушчу жайларды кыдырып көрүп, кызматчылар менен баарлашты жана алардын кесипкөйлүгү менен ишине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Юридикалык жардам кызматынын кызматчылары Кубан Казаковду мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын автоматташтырылган маалыматтык тутуму – МКЮЖ АМТ (мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын автоматташтырылган маалыматтык тутуму), «114 Шыр байланышы» менен да тааныштырышты.

Иш сапардын соңунда Кубан Казаков Юридикалык жардам кызматынын кызматчылары үчүн татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылуу жалпы укуктук системанын натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.