Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

30 август 2025

Үч күндүк акысыз укуктук жардам акциясы аяктады

Үч күндүк акысыз укуктук жардам акциясы аяктады

Үч күндүк акысыз укуктук жардам акциясы аяктады

27-29-август Кыргызстанда масштабдуу үч күндүк акысыз юридикалык жардам берүү акциясы өткөрүлдү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулуп, өлкөнүн ар бир аймагында өттү.

Жарандарга укуктук жардам, кеңеш берүү жана кызыктырган суроолоруна жооп алуу үчүн жергиликтүү юристтерден акысыз кызмат көрсөтүштү.

Натыйжада 2658 жашоочу акысыз консультациялык-укуктук жардам алышты.
Алардын ичинен:
Жынысы боюнча:
Аялдар-1421
Эркектер-1237
Социалдык статусу боюнча:
Аз камсыз болгон жарандар – 159
Пенсия жашындагы жарандар-429
Иш менен камсыз болгон жарандар- 654
Жумушсуз жарандар- 1365
Майыптыгы бар адам – 35
Жашы жете электер - 16. Ошондой эле, 3 күндүк акциянын жыйынтыгы боюнча 28 жаранга акысыз адвокат дайындалып берилди.

Акциянын жыйынтыгы боюнча эң көп берилген суроолор:Мураска байланыштуу маселелер Мүлктү жана мүлктүк укуктарды белекке берүү менен байланышкан маселелер; Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө менчик укугу Юридикалык жакты каттоого байланыштуу маселелер
Келишим, насыя, күрөөгө байланыштуу маселелер Никеге туруу жана ажырашууга байланыштуу маселелер, Мүлктү бөлүштүрүүгө байланыштуу маселелер,
Алиментке байланыштуу маселелер
Ата-энелик укуктарга байланыштуу маселелер (ажыратуу, чектөө, калыбына келтирүү), Үй-бүлөлүк укуктун башка маселелери.