Артка
Юстиция министрлигинин бардык түзүмдүк уюмдары, облустук башкармалыктары жана #probationkg кардарлары Ысык-Көлдө өткөн чоң футболдук турнирде жолугушту.
13 команда, жандуу эмоциялар жана министр Аяз Баетов жетектеген мыкты тимбилдинг.
Талаада чыныгы кызыкчылык жана атаандаштык: голдордон кубаныч, оюндагы азарт жана достук мелдеш. Күйөрмандарыбыздын колдоосу турнирди футбол майрамына айлантты.
1-орун — Пробация департаменти
2-орун — Пробация департаментинин кардарлары
3-орун — СДУИ жана Ош юстиция башкармалыгы
Футбол турнири Европа Биримдигинин жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин колдоо: пробация жана сот системасын өркүндөтүү жана санариптештирүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.