Артка
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинине караштуу Юридикалык жардам кызматы, БУУӨП жана өнөктөштөр менен биргеликте көмөкчү юристтер үчүн эки күндүк тренинг өткөрдү.
Биринчи күнү катышуучулар акысыз юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдар, көмөкчү юристтердин ишмердүүлүгүн жөнгө салган ченемдик актылар менен таанышып, кардарларды суроо жүргүзүү көндүмдөрүн машыгышты.
Экинчи күндүн программасы кеңеш берүү, типтүү каталарга талдоо жүргүзүү жана эффективдүү коммуникация маселелерине багытталды. Тренинг тегерек стол жана жыйынтык чыгаруу менен аяктады.
Тренингдин максаты — көмөкчү юристтердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана жарандар үчүн юридикалык жардамдын сапатын жакшыртуу.