Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

24 сентябрь 2025

МКЮЖдун адвокаттары пробация системасында иштөө боюнча тренингден өттү

МКЮЖдун адвокаттары пробация системасында иштөө боюнча тренингден өттү

2025-жылдын 24-сентябрында Ош шаарында Мамлекеттик кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) адвокаттары үчүн «Пробацияны иш жүзүндө колдонуу: адвокат жаңы жазаны аткаруу системасында кантип эффективдүү иштей алат» деген темада тренинг болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жана БУУӨП менен өнөктөштөр тарабынан уюштурулду.

Программа ичинде адвокаттар пробациянын эл аралык жана улуттук стандарттарын, кардарларды укуктук жактан колдоонун өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле сотко чейинкиден баштап жазаны өтөп чыккандан кийинки этаптарга чейин адвокаттын практикалык ролун талкуулашты.

Айрыкча пробациялык көзөмөлдүн инструменттерине жана социалдык кайра интеграция маселелерине көңүл бурулду.

Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар алынган жаңы билимдер жарандарга пробация системасында көрсөтүлө турган юридикалык жардамдын сапатын жана колдоону жогорулатууга жардам берерин белгилешти.