Артка
Президенттин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын (МКЮЖ) өнүктүрүүгө арналган координациялык жолугушуу болуп өттү.
Координациялык жолугушууга Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чара Юридикалык жардам кызматынын төрагасы Акжол Калбеков сөзү менен ачылып, программанын алкагында катышуучулар акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардагы новеллаларды, ошондой эле МКЮЖ системасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүүсүн аныктоочу ченемдик актыларды талкуулашты.
Координациянын практикалык маселелерин чечүү жана системанын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн улуттук платформаны түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Талкуунун жүрүшүндө жарандардын юридикалык жардамга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, ошондой эле алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган жаңы механизмдерди күчөтүү жана киргизүү чечими кабыл алынды. Бул үчүн катышуучулар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коом институттарынын күч-аракеттерин бириктирүүнү макулдашышты.
Жолугушуу суроо-жооп сессиясы менен аяктап, анын жүрүшүндө катышуучулар калкка укуктук жардам көрсөтүү системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча ой-пикирлери жана сунуштары менен алмашышты.