Артка
№10-жабык жазаларды аткаруу мекемесинде соттолгон жарандар үчүн укуктук маалымат берүү иш-чарасы өткөрүлдү
2025-жылдын 3-октябрында Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жоон айылында Юридикалык жардам кызматынын кызматчылары мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү менен биргеликте №10-жабык жазаларды аткаруу мекемесине иш сапары менен барышты.
Иш сапардын алкагында соттолгон жарандар үчүн алардын укуктары жана юридикалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча жеке консультациялар уюштурулду. Жалпысынан 70 адам укуктук кеңеш алды. Натыйжада 17 адам квалификациялуу юридикалык жардам (акысыз адвокат дайындоо) алуу үчүн арыз берди.
Бул иш-чара соттолгон жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатууга жана аларды укуктук коргоо жана ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган.
Долбоор Юстиция министрлигине
караштуу Юридикалык жардам кызматынын демилгеси менен, БУУӨП жана Финляндия ТИМинин долбоорунун колдоосунда уюштурулууда.