Артка
Чүй облусунда жана Ош шаарында мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун кызматташтыгын жана көмөкчү юристтердин ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө арналган тренинг болуп өттү.
Иш-чаранын катышуучулары көмөкчү юристтер тарабынан көрсөтүлгөн юридикалык жардамды укуктук жөнгө салуу маселелерин, көмөкчү юристтер ассоциациясын өнүктүрүү стратегияларын жана калктын акысыз юридикалык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жолдорун талкуулашты.
Экинчи күн: калктын аярлуу топторунун укуктарын коргоо, мурастоо жана жер маселелери, ошондой эле паспорттоштуруу темалары боюнча окутуу тренинг өткөрүлдү.
Тренинг жыйынтыктоочу талкуу жана катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу менен жыйынтыкталды.
Долбоор Юстиция министрлигине
караштуу Юридикалык жардам кызматынын демилгеси менен, БУУӨП жана Финляндия ТИМинин долбоорунун колдоосунда уюштурулууда.