Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

21 ноябрь 2025

Адилеттүүлүккө жетүүнү кантип камсыздоо керек?

Адилеттүүлүккө жетүүнү кантип камсыздоо керек?

Адилеттүүлүккө жетүүнү кантип камсыздоо керек: мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча координациялык жолугушуулар

Юстиция министрлигинине караштуу Юридикалык жардам кызматы, Акыйкатчы институту жана жарандык коомдун өкүлдөрү, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын уюмдары, адилеттүүлүккө жетүүнү жакшыртуу жана кызматташтыкты күчөтүү максатында координациялык жолугушууларды өткөрүүдө.

Катышуучулар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын акысыз юридикалык жардамга кайрылуусуна тоскоол болгон негизги тоскоолдуктарды талкуулап, аларды жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгышууда. Талкуунун негизги темаларына укуктук маалымдуулукту жогорулатуу, юридикалык кызматтарды универсалдуу дизайн принциптерине ылайык ылайыкташтыруу, маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана мамлекеттик органдар менен бейөкмөт уюмдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү кирет.

Жолугушуулардын жыйынтыгы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көрсөтүлө турган юридикалык консультациялардын сапатын жогорулатууга, алардын укуктук колдоого кайрылуусунун көбөйүшүнө жана жарандардын укуктук институттарга болгон ишенимин чыңдоого көмөк көрсөтөт деп күтүлүүдө.