Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

21 ноябрь 2025

Укуктук жана тармактык жардам баарына: жеткиликтүү консультация системасы бекемделүүдө

Укуктук жана тармактык жардам баарына: жеткиликтүү консультация системасы бекемделүүдө

Укуктук жана тармактык жардам баарына: жеткиликтүү консультация системасы бекемделүүдө

2025-жылдын 21-ноябрында Бишкекте Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды өнүктүрүүгө жана МКЮЖ системасынын субъектеринин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга арналган координациялык жыйын өттү.

Иш-чарага бардык мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын борбордук аппаратынын өкүлдөрү катышты. Катышуучуларга колдонуудагы мыйзамдар жана jardam.kg порталы сыяктуу санариптик инструменттер боюнча маалымат берилди. Талкуу жарандар үчүн укуктук колдоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча сунуштар менен жыйынтыкталды.

Өзгөчө белгиленгендей, шаар тургундары укуктук маселелер боюнча консультацияны юристтерден гана эмес, тармагы боюнча адистешкен кызматчылардан да ала алышат. Бул социалдык коргоо, эмгек мамилелери, турак жай маселелери жана башка тармактар боюнча профильдүү кеңештерди камтыйт.

Долбоор Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын демилгеси менен, БУУӨП жана Финляндия ТИМинин долбоорунун колдоосунда уюштурулууда.