Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

25 ноябрь 2025

ПРООНдун колдоосу менен Кыргызстандын аймактарында адам укуктарын коргоону күчөтүү жана сот адилеттигине бирдей жетүүнү камсыз кылуу боюнча координациялык жолугушуулар өткөрүлдү.

 10-ноябрдан 21-ноябрга чейин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, ошондой эле жарандык коом уюмдарынын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бирикмелеринин координациялык кеңешмелери болуп өттү.
Жолугушуулардын максаты жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын сот адилеттигине жетүү жана акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнүн негизги маселелерин талкуулоо жана ведомстволор аралык кызматташтыкты чыңдоо болду. Катышуучулар тажрыйба алмашып, аймактык укуктук көйгөйлөрдү карап чыгышты жана көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу боюнча биргелешип сунуштарды иштеп чыгышты.
Жолугушуулардын жыйынтыгында Акыйкатчы институту менен жарандык коом уюмдарынын жана майыптар ассоциациясынын ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасы иштелип чыгат. Бул документ координацияны күчөтөт, сапаттуу жана жеткиликтүү юридикалык жардамды камсыздайт, туруктуу кызматташуу механизмдерин түзөт.
Иш-чаралар ПРООНдун жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоону жана сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүктү бекемдөө» долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.