Артка
Адам укуктарын коргоо күнүнө карата КР Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы 2-декабрдан 11-декабрга чейин өтө турган он күндүк декаданын башталганын жарыялайт. Бул иш-чара калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган. Декада өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ар бир жаран акысыз жана квалификациялуу юридикалык жардам алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Декаданын алкагында республика боюнча калктуу конуштарда консультациялык аянтчалар иштеп, анда тажрыйбалуу юристтер, адвокаттар, мамлекеттик кызматкерлер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жарандардын суроолоруна жооп берип, укуктук маселелерди түшүнүүгө жардам көрсөтүшөт.
Мындан тышкары, Кызматтын юристтери жана адвокаттары түзөтүү мекемелерине барып, ал жакта да консультациялар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бул иш-чараларда адам укуктарын коргоо маселелерине, ошондой эле соттолгондордун жана тергөө алдындагылардың укуктук сабаттуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат.
Декаданын негизги максаты — өз укуктарын билүү аларды коргоонун негизи экенин баса белгилөө жана юридикалык колдоо ар бир адам үчүн жеткиликтүү болушу керектигин көрсөтүү.