Артка
2-11-декабрга чейин Адам укуктарын коргоо күнүнө карата Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы он күндүк декада өткөрүүдө. Иш-чаранын негизги максаты — калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу. Декада өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ар бир жаранга акысыз жана квалификациялуу юридикалык жардам алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Натыйжада декаданын биринчи күнүндө 1058 жаран акысыз консультациялык-укуктук жардам алды
Алардын ичинен:
Жынысы боюнча:
Аялдар-563
Эркектер-495
Социалдык статусу боюнча:
Пенсия жашындагы жарандар-145
Иш менен камсыз болгон жарандар- 292
Жумушсуз жарандар- 554
Аз камсыз үй-бүлө -33
Майыптыгы бар адам - 31
Жашы жете элек- 3