Артка
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы 2–11-декабрь күндөрү Адам укуктарын коргоо күнүнө карата уюштурулган укуктук колдоонун декадасын ийгиликтүү жыйынтыктады.
Он күндүк иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн бардык аймактарында атайын консультациялык аянтчалар иштеп, жарандар ар кыл маселелер боюнча акысыз юридикалык жардам алышты. Декадага юристтер, адвокаттар, мамлекеттик кызматкерлер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жигердүү катышты.
Мындан тышкары, жазаларды аткаруу мекемелеринде көчмө консультациялар уюштурулуп, анда кызматтын адистери соттолгондорго маалыматтык-укуктук түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү . Иш-чаранын алкагында адам укуктарын коргоо жана укуктук сабаттуулукту жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле декаданын алкагында №4,60,17,37,5 мектептердин окуучулары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында 6419 жаран акысыз юридикалык консультация алышты.
Алардын ичинен:
Жынысы боюнча:
Эркектер- 2960;
Аялдар- 3459.
Региондор боюнча:
Бишкек шаары - 562
Чүй облусу- 387
Талас облусу - 292
Жалал-Абад облусу - 1617
Баткен облусу - 774
Ош облусу- 1923
Ысык-Көл облусу - 454
Нарын облусу- 410
Социалдык статусу боюнча:
Аз камсыз болгон жарандар - 175;
Пенсионерлер - 886;
Иш менен камсыз болгон адамдар - 1595;
Жумушсуз адамдар - 3573;
Жашы жете электер - 49;
Ден - соолугунун мумкунчулугу чектелген адамдар - 141.
Жарандык статусу боюнча:
КР жараны - 6396;
Чет өлкөлүк жарандар - 22;
Жарандыгы жок адамдар - 1.
Жарандардан келип түшкөн эң, актуалдуу
суроолордун тизмеги төмөнкүлөр болду:
Документтештирүү боюнча суроолор;
Жер маселеси боюнча суроолор:
Уй - бүлөлүк укуктук маселелер боюнча суроолор;
Социалдык камсыздоо боюнча суроолор;
Менчик укуктары жана мураска байланыштуу
суроолор.
Ошондой эле, Декаданын алкагында квалификациялуу юридикалык жардам 39 адамга (алардын ичинен кылмыш иши -9, жарандык иши боюнча - 30) көрсөтүлгөн,
Кайрылгандардын жалпы санынын 80% түзгөн үй-бүлөлүк укук маселелери кайрылгандар үчүн актуалдуу маселелер болуп калды.