Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

27 март 2026

«Тилектештик автобусу» Ош облусунун үч айылындагы тургундарга укуктук жардам көрсөттү

«Тилектештик автобусу» Ош облусунун үч айылындагы тургундарга укуктук жардам көрсөттү


Алыскы аймактарга уюштурулган сапардын алкагында «Тилектештик автобусунун» мобилдик тобу үч айылга барып, жергиликтүү тургундарга акысыз юридикалык жардам көрсөттү.
Сапарлардын жүрүшүндө тургундар социалдык төлөмдөр, жер маселелери, документтерди тариздөө жана эмгек укуктарын коргоо боюнча ар түрдүү укуктук суроолорго жооп ала алышты. Квалификациялуу юридикалык жардамга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген калктын аярлуу катмарына өзгөчө көңүл бурулду.
25-мартта иш-чара Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында өттү. 26-мартта адистер Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында иш алып барышты. Ал эми 27-мартта жыйынтыктоочу сапар Куршаб айылында болду.
Натыйжада - 312 адам акысыз консультациялык-укуктук жардам алды
Алардын ичинен:
Жынысы боюнча:
Аялдар-104
Эркектер-208
Социалдык статусу боюнча:
Аз камсыз болгон адамдар - 9
Иш менен камсыз болгон жарандар- 20
Жумушсуз жарандар- 244
Пенсия жашындагы жарандар-38
Жашы жете элек – 1
«Тилектештик автобусу» өз ишин улантып, юридикалык жардамды ага өзгөчө муктаж болгон адамдар үчүн жеткиликтүү кылууда.