Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

04 май 2026

Акысыз юридикалык кеңеш — ар бир жаранга: Конституция күнүнө карата миңден ашуун адам юридикалык жардам алды

Акысыз юридикалык кеңеш — ар бир жаранга: Конституция күнүнө карата миңден ашуун адам юридикалык жардам алды

Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата өлкө боюнча ири укуктук акция өткөрүлүп, миңдеген жарандар акысыз юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 30-апрелде Юридикалык жардам кызматы мамлекеттик органдар менен бирге атайын консультациялык аянтчаларды уюштуруп, жарандарга укуктук маселелер боюнча адистерге түз кайрылып, суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүк түздү.

Акция республиканын бардык аймактарын камтып, социалдык төлөмдөрдөн тартып эмгек талаштарына, документтерди тариздөө жана укуктарды коргоо маселелерине чейин кеңири спектрдеги жардам көрсөтүлдү. Демилгенин негизги максаты — калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана юридикалык кызматтарды жеткиликтүү кылуу.

Жыйынтыгында, 1792 жаран акысыз консультация алды. Алардын басымдуу бөлүгүн аялдар (976) түзсө, эркектердин саны 816 болду. Социалдык абалы боюнча кайрылгандардын көбү жумушсуз жарандар (943), иштегендер — 536, пенсионерлер — 209. Мындан тышкары, 12 жашы жете элек өспүрүм, 39 майыптыгы бар адам жана 53 аз камсыз болгон жаран да жардам алышты.

Эң көп көтөрүлгөн маселелердин катарына пенсия (189 кайрылуу), алимент (142), үй-бүлөлүк маселелер (102), документтештирүү (94) жана жер маселелери (79) кирди.